30 күндүн ичинде сулуу болуш үчүн.

Жаз айы башталды … Жаз адатта окуулар бүтүп, той, кездешүүлөр мезгили болуп саналат. Ошол себептен аз убакыт ичинде дене мүчөңуздү келишимдүү кылып, бетке, чачка атайы күтүм жасоо керек.

Ал үчүн бир нече кеңештерди сунуштайбыз:

1. Күндө эртең менен ач карынга 1 аш кашык зыгыр данын жеп туруңуз.

Жакшылап чайнап, жылуу суу менен ичип жибериңиз.

Мындан кийин жарым сааттан кийин гана тамактанууга болот. Мунун кандай пайдасы бар?

Зыгыр даны организмди тазалайт. Натыйжасында бет териңиз агарып,тазаланат. Арыктап калганыңызды байкайсыз. Ошону менен бирге зыгыр чач менен тырмакты бекем кылат.

Эскертүү: организмде таш болсо, зыгырды жегенге болбойт.

2. Күндө сууга бышкан кызылчадан салат жасап жеңиз.

Аны түшкү же кечки тамакка даярдоого болот. Мунун кандай пайдасы бар десеңиз?

Кызылча- канды тазалаган керемет азык. Кандын тазалыгы сырткы келбетке чоң таасир берет.

Ошондой эле, теринин абалына жана ички органдардын жумушуна да жагымдуу таасир тийгизет.

3. Күнүнө тамактануу маалында 50 гр жаңгак жегенди адатка айлантыңыз.

Өзүңүзгө жаккан турүн тандасаңыз болот: миндаль, грек, арахис жана башка. Ал эми анын пайдасы тууралуу сөз кылсак, 2 жумадан кийин чач менен тырмак бекем болгонун байкасыз. Жана ошондой эле организмге да пайдалуу.

Ушул келтирилген кеңештердин бирин калтырбай, эринбей жасасаңыз бир айдын ичинде сырткы келбетиңиздеги өзгөрүүлөрдү байкай

 

Булак: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу