30дан ашуун адамдын этин жеген үй-бүлө кармалды

Россиянын Кроснадар шаарында 1999-жылдан бери бир үй-бүлө 30дан ашуун адамдын этин жеп тынган. Бул тууралуу snatchnews.com сайты жазып чыкты.

20-жыл убакыт бою адам жегичтердин үй-бүлөсү эл арасында жашап жүргөн. Алардын тузагына 7 жаштагы баладан тарта 70 жаштагы кемпир-чалдарга чейин дуушар болушкан.

20-жыл бою адам жегичтердин үй бүлөсү адамдарды уурдап өлтүрүп жиликтеп жеп жүргөн. Адам жегичтердин үй-бүлөсү колго түшкөндө полиция кызматкерлери алардын муздаткычынан 19 адамдын терисин жана 7 пакет адамдын ДНКсына таандык эттерди таап алышкан.

Учурда 8 адамдын калдыктары табылган. Калдыктарды ДНК аркылуу изилдөө жүрүп жатат.

Бул окуя боюнча расмий түшүндүрмө жок болгону менен интернет айдыңына каттуу соккон шамал сындуу тездикте тарап жаткан убагы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу