Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазды. Ал Биринчи Май райондук сотунда ЖМК өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргойт.
Жоошевдин айтымында, журналисттердин иликтөөсүндө сөз Чоң-Арык көрүстөнүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатуу фактылары тууралуу болуп жатат.
«Жунусбеков журналисттер ал тууралуу чындыкка дал келбеген, ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан деп эсептеп, моралдык чыгым үчүн жалпысынан 3 миллион сом талап кылууда.
«Бишкек 24түн» журналисттери сотко бардык далилдерди келтирип, өз ишин коргоого даяр», — деди жактоочу.
«Бирок, Жунусбеков тергөө материалында тараган кайсы маалымат чындыкка дал келбей, анын ар-намысына шек келтирип жатканын азырынча чече албай жатат», — деп жазган Жоошев.
Буга чейин Төрөкан Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевди сотко берген. Буга чейин БГКнын “Социал-демократтар” фракциясы “Бишкек сөөк кызматын көрсөтүү боюнча агенттик” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Төрөкан Жунусбековдун иш-аракети боюнча борбор калаанын мэриясына арыз жолдогон. Кызматкерлер өздөрү да арыз менен кайрылышкан.