Атамбаев “Апрелдин” эмес, элдин суроосуна жооп бериши керек

Юрист Нурбек Токтакунов президенттикке экс-талапкер, учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы тастыкталбаган финансылык документти жарыялап жибергенден кийин Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өзүнүн “Апрель” телеканалына маек берем деп чамынып калды.
Сооронбай Жээнбековдун мурдагы санаалашынын көптөн күткөн интервьюсунда Фарид Ниязов токуган “тизме-гейт” боюнча сөз болуп, аны бурмалаган маалымат дагы шөкөттөлүп айтылганы турат. Негизи аталган финансылык отчеттун жарыяланып кетиши Атамбаевдин өзүнүн репутациясын булгады.
Сооронбай Жээнбеков ар кандай жооптуу кызматтарда элдин кызыкчылыгы үчүн тынч, эч ким менен кайым айтышпай, татыктуу иштеп келген. Керек болсо КСДПнын түштүктөгү нөлдө турган авторитетин жогорку тепкичке көтөрүп койгондо да төш каккан эмес.

Атамбаев болсо өз мөөнөтү аяктаганда досуна, 20 жылдан берки жакын санаалашына ишеним арткан. Экс-президент мындай кадамга бекер жерден барбаган экен, мөөнөтү аяктаса да президентти башкарып, көмүскөдө кожоюн бойдон калууну эңсеген. Бирок, анын мындай ою ишке ашпай калды. Жээнбеков өз жолун тандады, бийликти толугу менен көз карандысыз жүргүзө баштады. Президент коррупцияга каршы масштабдуу күрөштү жүргүзүп, чиновниктерге, сотторго кылмыш иштери козголуп, саясий соодалашуу деген токтоду.

Ушул жерден белгилеп кетүүчү жагдай, Жээнбеков Атамбаев өлкөнүн, кыргызстандыктардын тагдырын өзгөртөт деп төш каккан “мега-долбоорлордун” биринин курулушуна да аралашкан эмес. Ара жолдо калып, карызга келген каражаттардын тең жарымы уурдалган бул долбоорлорду Атамбаев эң жакын санаалаштары менен “ишке ашырган”. Эми мындай “кылымдын афераларына” карата кылмыш иши козголсо саясий куугунтук дегени акылга сыйбаган көрүнүш.

Акыркы 6 жылда ара жолдо калган мындай долбоорлор боюнча жоопкерчиликти Атамбаев өз мойнуна алабы? Азыр ушул жагдай кызык болуп турат. Анын үстүнө Атамбаев өлкөнү башкарып турганда анын “жаш кадрлары” бардык тармактарды талкалады.

Атамбаев жана анын айланасындагылар аралашкан афералар:

— Чехиянын “Лиглас Трейдинг” компаниясы менен ГЭС куруу боюнча келишим. Шек туудурган бул компания россиялык “РусГидро” менен келишим денонсация болгонго чейин аты-жыты жок болчу.

— Эми “РусГидро” компаниясы Кыргызстанды 37 млн. доллар үчүн Гаага сотуна сүйрөгөнү турат. Бул каражат кимдин чөнтөгүнө кеткенин бир Кудай билет.

— Атамбаевдин командасы эмнеси менен эсте калды? Бишкектеги ТЭЦи жана Тарых музейин оңдоого байланышкан тарыхы менен. Борбор калаанын жылуулук түтүктөрүн модернизациялоону Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзгөн 386 млн. доллар өлчөмүндөгү насыя Кытайдын Эксимбанкы аркылуу берилген. Ошол эле учурда ТЭЦти модернизациялоо учурунда чыгымдын так сметасы болгон эмес. ТВЕА көндүм долбоору менен эмес Кытайдын стандарты боюнча ТЭЦтин аймагына эки энергоблок курган.

— ТЭЦ иштен чыккандан кийин бир катар энергетика тармагындагы мурдагы чиновниктер, өкмөт башчылар (Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев) жана депутат Осмонбек Артыкбаев камакка алынды.

— Тарых музейин оңдоп түзөөгө бюджеттен 1,5 млрд сом жана гранттык каражат – 15 млн доллар которулган. Музейдин ачылышын эки ирээт артка жылдырышты. Оңдоо иштери ушул күнгө чейин аяктай элек. Ал эми оңдоо иштерине байланыштуу коррупциялык чыр уланууда.

— 2017-жылдын янарь айынын башында түркиялык компниянын Гонгконг-Стамбул каттамы менен бара жаткан жүк ташуучу «Боинг 747» учагы «Манас» эл аралык эропортуна конуп жатып, Дача-СУ конушуна кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болгон. Бул учактын ичинде белгисиз жүк кимдики болгону расмий айтыла элек.

— Азыркыга чейин “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин бошотулушуна ким уруксат бергени белгисиз. 2011-жылы криминалдык авторитет ден соолугу начарлаганына байланыштуу эркиндикке чыгарылып, ошол замат Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Батукаев Кыргызстандын кылмыш кодексинин 14 оор беренеси менен күнөөлөнгөн болчу.

— 2010-жылдагы июнь окуясын уюштурду делип жаткан Кадыржан Батыров Кыргызстандан чыгып кеткен. Эки жыл мурда Кадыржан Батыров маалымат каражаттарына өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылгандыгын айтып чыккан.

— “Белиз-гейттин” кыйрашы. УКМКнын экс-төрагасы АБдил Сегизбаев берген офшордук чыр бир нече жыл мурда башталган. Сегизбаев Жогорку Кеңештин депутатары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа-Телекомдун” 51 пайыз акциясын сатып анын жашырып кетүү аракети болгондугун көрсөткөн документти көрсөткөн.

— Текебаевдин коррупциялык иши. Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси менен чыккан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Текебаевди жана анын соратниги Дүйшөн Чотоновду “Мегакомдун” активдери үчүн Россиялык ишкер Маевскийден 1 млн доллар опузалоо боюнча күнөөлөнгөн.

— Сот Текебаев менен Чотоновдун мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Экөө тең күнөөлөрүн моюнга алган эмес. Эми кызыктуу жаңылык болду. Москванын Тверск районун соту ГосДуманын мурдагы депутаты Маевскийди 37,5 млн доллар опузалап талап кылгандыгы үчүн 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алды. Логика боюнча Текебаевдин иши кайра каралышы керек.
Эгер Атамбаев маек бергиси келсе биринчи кезекте жогорку айтылгандардын баарына жооп бериши керек. Коомчулукта ага көптөгөн суроолор топтолуп калды. Эл жөн гана кырдаалды билгиси келет, “Апрель” телеканалынын журналисттери даярдаган суроого эмес, өздөрүнүн суроосуна жооп алгылары келет. Атамбаев бийликке бара жатканда саясаттагы жана башка багыттагы өзү жасаган туура эмес иштерге жооп бериши керек экенин жакшы түшүнгөн. Күнөөнү башкага бурбай, буга өзү жооп бериш керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу