Исхак Масалиев: «Алмазбек Атамбаев доллар менен миллионер болгон эмес, көрүнгөндөн акча сурап жүрчү»

«Мен 1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер болчумун» деп төш кага берген экс-ажо АШАнын жалганчы экенин аны жакындан билген ЖК депутаты Исхак Масалиев дагы ачыктады. Ал Акаевдин убагында да президенттик шайлоого талапкерлигин койгондо финансылык жактан өтө эле кыйын болгонун айтат.
«Мен билем, шайлоодо өтө кыйын болгон. Саналуу эле акчасы болгон. Штабдын башчысы катары бул менин эсимде бар. Өтө кыйын болгон да. Ошондо башка досторунан, тааныштарынан акча сурап жүргөн болчу. Алмаз Шаршенович Түркиядагы заводун айтып атпайбы, ал эми Кыргызстандагы заводун менин билишиме караганда бир бөлүгүн орус компанияга сатып жиберген болчу. Заводдун ишмердүүлүгү менин билишим боюнча радиаторду чыгарып, Өзбекстанга жеткирип турчу эле. Ийгиликтер болчу деп айтсак болот. Бирок, ал долларлык миллионер болууга алып келбейт эле. Сом менен миллионер болушу мүмкүн», — дейт ал.
Демек, Алмазбек Атамбаев өзүнүн байлыктары тууралуу 100 эселеп ашыкча мактаныч кылып жатканын түшүнө берсек болот. Кыргызда «Кыздын сыры төркүнгө маалым» деген сөз бар. Анын сыңары аны менен чогуу иштешкендер ушинтип эле чындыкты ачык айтып сала турганын да унутпаш керек.
«Мен 1999-жылы «Кумтөрдөн» көбүрөөк салык төлөдүм деп атпайбы? Тилекке каршы, 2000-жылга чейин «Кумтөр» салык төлөгөн эмес болчу. Ал эми мен салык кызматында иштеп жүргөндө Алмазбек Шаршеновичке тийиштүү ишканалар сезилээрлик көлөмдө салык төлөйт деп мен айта алмак эмесмин», — дейт андан ары Исхак мырза.
Демек, А. Атамбаев бул жагынан дагы апыртма айткан экен. Же кирешесинин салыгын төлөөдөн качып жүрдү беле?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу