АША өзү КСДПдан ажырай турган болдубу?

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев алты жыл мамлекетти башкарып, оозунан чыккан сөздүн баары аткарыла бергенге, өзүнүн айланасындагы кошоматчылары «хоп майли» деп турганга өзгөчө көнө түшкөн экен. Кыязы, ошол темп менен КСДП партиясын дагы башкарам деп ойлоду окшойт.

Бирок, АШАнын алты жылдыгындагы ири коррупциялык иштер ачыкка чыга баштаганынан улам, анын ишмердүүлүгүн сынга алган партиялаштары дагы чыкты. А. Атамбаев болсо ага каршы бир ооз сөз сүйлөгөндөрдү бир четинен партия мүчөлүгүнөн ажыратуу менен алек боло баштады. Анын мындай аракети оң натыйжа бербей эле, тескерисинче терс натыйжа бере баштады.

Өлкөбүздүн региондорунда «Атамбаевсиз КСДП» аттуу ураан менен партиянын айрым мүчөлөрү конференцияларды өткөрүүдө. Алардын мындай аракетин колдоого алгандардын саны улам арбып баратат. Кече жакында эле ушулш ураанды көтөрүп жүргөн уюштуруучуларды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алып койду эле, ошондон көп өтпөй аны КСДПнын катарынан чыгаруу чечими бир ууч топтун чечими менен кабыл алынып калганы айкын болду. Эгерде КСДПнын саясий кеңешинде 36 мүчө бар болсо, алардын ашып кетсе 7-8и гана И. Өмүркуловду партия мүчөлүгүнөн ажыратуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Мунун өзү чечим легитимсиз экендигинен кабар берип турат.

Эми АША И. Өмүркуловду фракция лидерлигинен чакыртып алууну парламенттеги КСДП фракциясына жолдогонун билебиз. Бирок, анын мындай аракетинен майнап чыгышы өтө кыйын. Себеби, буга чейин да АША ЖК депутаты Кожобек Рыспаевди партия мүчөлүгүнөн ажыратып, андан соң аны фракциядан чыгарууну сунуштаган. Депутаттар ал сунушту колдоого албай коюшкан. Андыктан И. Өмүркуловду фракция лидерлигинен чакыртып алуу аракети да ишке ашпай турган аракет болуп турат.

Мындай кырдаалда натыйжа кандай болот? А. Атамбаев өзү КСДП партиясынын төрагалыгынан гана эмес, андан биротоло ажырайт. Партиясы жок калган экс-ажо үчүн Кыргызстанда калуу өтө кооптуу болуп калат. Андыктан ал чет мамлекеттердин бирине чыгып кетүүнү азыртадан пландап жатканы болушу мүмкүн. Антпесе, абалы өтө чатак экени белгилүү. Алты жылда мамлекетти тоноонун башында турганын жалпы элибиз билип калды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу