Төрөбай Зулпукаров: «Бир класста 25тен ашык окуучу болсо, окутуунун сапаты начарлайт»

— Төрөбай мырза, сиз билим берүү, мектептердин курулушу боюнча көп маселе көтөрүп жүрөсүз. Бүгүнкү күндө мектептердеги эң чоң көйгөй кайсы деп ойлойсуз?

— Бишкек, Ош шаарларында, кээ бир чоң райондордун борборлорундагы мектептерде окуучулар үч мөөнөттөн окушат. Ар бир класста отуздан кыркка чейин окуучу бар. Мисалы, Ноокат районундагы Крупская атындагы 600 орундуу мектепте 2800 окуу­чу окуйт. 800 орундуу Худжанов мектебинде ЗОООден ашуун ба­ла окуйт. Бишкек шаарындагы №70, №13, №6 мектептерде да ошондой эле акыбал. Ошон үчүн биз билим берүү жана илим министрлигин «анализ жүргүзгүлө» деп жатабыз. Ички миграция бар да, элдин бир бөлүгү Ошко, Бишкекке көчүп кетишкен. Кээ бир айылдарга барсаң 1200 орун­дуу мектептерде 400 окуучу окуп жаткан учурлар бар. Ошон үчүн каяк көп жашаган аймактарга, өзгөчө Ош менен Бишкекке көңүл буруу керек. Азыр борборубуздагы кайсы гана мектепке барбайлы, балдарды жайгаштыруу чоң проблема. Бир класста 25тен ашык окуучу болсо, окутуунун са­паты начарлайт.

— Акыркы жылдары мектептер аябай эле көп курулуп жаткансыйт. Анда эмне үчүн маселе чечилбей жатат?

— Калктын саны өсүп жатат да. Мектептер дайыма курулуп турушу керек. Илгери СССРдин учурунда эле бизде мектептер жетишчү эмес. Биз эгемендик алгандан бери акыркы жети-сегиз жылда эле мектептер курула баштады. Ага чейин курулуш токтоп калган бир учур болгон.

— Кандай деп ойлойсуз, жеке менчик мекептердин курулушу көйгөйдү чече алабы?

— 2014-жылы биз мыйзам жазып, ал күчүнө кирген. Ага ылайык, жеке менчик балдар бакчасынан салыктын төрт түрүн алып салганбыз. Бул жеке ишкерлерге стимул болуп, мекчик балдар бакчасын куруу 20 пайызга көбөйгөн. Мурда 14 пайыз болсо, азыр 37 пайызга жакындап калды. Салыктын жогорудагы төрт түрү мектептерден да алынган. Эгер мамлекет жер маселесин камсыздап, жеке менчик мектептер да курула баштачу болсо, маселе чечилип, атаандаштык да пайда болот эле.

Керим МУРАС

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу