Илмияновдун кармалышынын чоо-жайы

“Бийлик, байлык колдун кири” демекчи, ооматың кеткенде ушул убактылуу бийлигиңден да, байлыгыңдан да ажырап, Пушкиндин жомогундагы балыкчыдай байкушка айланып каларың, ал тургай күнөөң болсо түрмөгө камаларың чын экен. Бул айтканыбызды өткөн жумада А.Атамбаевдин алгач шоопуру болуп, кийин аппарат башчынын биринчи орун басары, кеңешчилик кызматтарга жеткен Икрам Илмияновдун Москвада УКМК тарабынан кармалып, Бишкекке жеткирилиши далилдеди. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту ага КРнын КЖКнын 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча айып коюп, 28-ноябрга чейин камакка алды. Азырынча И. Илмияновдун кайсы бир ишкерден же бизнесменден 150 миң АКШ долларын пара катары алгандыгы айтылууда. Бирок бул айсбергдин башы эле болушу мүмкүн. Себеби ага жогорудагы расмий кызматынан тышкары расмий эмес түрдө “серый кардинал”, “Ак үйдүн отдел кадры” деген ылакап аттар да тагылып жүрчү. Шайлоо учурунда сөзсүз КСДПнын штабын Икрам башкарып, министр, депутаттар, ушул кызматтардан үмүт кылгандар “Форумдагы” штабына жүгүнүп барып, кабылдамасына кезекке турчу. Айыл өкмөтүнөн тартып, Жогорку Кеңешке чейинки шайлоолорго чейин бир эле партия жеңишке жетишип, “неудобныйлар” жарым пайыз добуш жетпей өтпөй келгендигинин сыры деле И. Илмияновдун көрсөтмөсү менен болгондугу жашыруун эмес. Икрам мындан тышкары республикабыздын аймагындагы  алтын кендерине берилген лицензиялар менен Бишкектин чок ортосундагы чүйгүн жерлердин курулуш компанияларга берилишине “крыша” болуп, өз “долясын” алгандыгы тууралуу аңыз кептер айтылчу. Эң негизгиси Икрамдын камалышы А.Атамбаев үчүн чоң сокку болду. Себеби шефинин кантип байыгандыгын, дагы кандай Кыргызстанга кыянатчылык иштерди жасагандыгын ал гана билет…

Булак: “Майдан. kg” 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу