Атамбаев президенттин жубайынын жоолугуна асылса, анын маалыматчылары баштык карматып пастык кылууда

Жакында Атамбаев: “Биз светтик өлкөбүз. Жээнбековдун аялы эмнеге жоолук салынат? Анысы бизди уят кылып жатат дептир” дептир.

Биз энелерибиздин, апабыздын, деги эле айылдагы аялдардын дайыма жоолук салынып жүргөнүн көрүп жүрүп чоңойгонбуз, алардын ичинен бирин-серини гана намаз окушпаса, көпчүлүгү куранды деле билишчү эмес. Жоолукту динге байланыштырган салт кыргыздын тарыхында болгон эмес. Бирок, көктөн түшө калгансып Атамбаевдин мамлекет башчысынын аялынын жоолугуна асылгандыгы кызык. Экс-президенттин сөздөрүнөн кийин Сооронбай Жээнбековдун Америкага барып, президент Дональд Трампка жолугуп, жубайлары менен түшкөн сүрөтүн интернеттен таап дагы бир жолу үңүлө карасак да ал жерде лайыктык (светтик) идеологияга, жүрүм-турумдарга каршы келерлик эч нерсени таппадык. Жаман көргөн адамыңдын бөркү да казанбактай көрүнөт деген ушул тура.

Тескерисинче, президенттин жубайынын тазалыктын, пакизалыктын жана жупунулуктун символу болгон ак жоолукту салынып жүргөндүгү ичибизди жылытты, анын үстүнө ал өзүнө жарашат да экен. Дароо С.Чуйковдун китеп кармаган кызынын сүрөтү эсиңе түшөт. Эки кулактын үстүнөн тартылган кичинекей ак жоолукту ислам дини жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок же кабылдоосу адекваттуу болбой калган адам гана хиджабга теңештирүүсү  мүмкүн. Биринчиден, ак хиджабчан аялды биз Араб өлкөлөрүнөн да көргөн эмеспиз, хиджабдын түстөрү башкача болот. Экинчиден, алтымыштан ашкан интеллигент эркек адамдын айылдардагы айный баштаган айрым кемпирлерден бетер аялдардын жоолугуна сын тагып жатканы өтө эле уят. Буга: задисинен айныганга, даба да жок тура дегенден башка сөздөрдү таппай да калат экенсиң. Анын айланасындагылардын ал сүрөттү монтаждап, президенттин аялынын колуна баштык карматып койгону эч кандай нормага сыйбайт.

Деги эле жаман көргөндөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүнө асылуу—пастыктын эң төмөнкү чеги болуп саналат. Бир жетекчини же саясатчыны жаман көрсөң мыйзамдуу жолдор менен өзүнө асыла бер, сындай бер, бирок ага үй-бүлө мүчөлөрүн аралаштырып эмне кыласың? Андай үй-бүлө сенде да бар. Же бирөө сенин аялыңдын же балдар-кыздарыңдын кийгендерин, жүргөн-тургандарын саясат кылып жатса, сен жакшы көрөсүңбү?
Муну эч качан айтпайлык дедик эле, бирок өзү аргасыздан айттырды. Атамбаевдин  кызы адам коркутарлык сүрөттөрүнө өзүнүн жылаңач сүрөттөрүн кошуп интернетке жайнатып чыгарганда да кыргызстандыктардын бири да “мындай жоругуңарды койгула. Бул мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөсүнө ылайык келбейт” деп айтышкан эмес. Анткени, алар анын өзүн болбосо да кызматын сыйлап, ызаатташкан. Раисасы бир эмес, эки-үч жерде: “Биздеги кыздар 14 жашында жыныстык турмушту башташат” дегенде да унчукпадык. Аны ал кайсыл изилдөөлөргө таянып айткандыгын билбейбиз. Же өзүнүн үй-бүлөлүк практикасына таянып же кыргыз кыздарын маскаралоо үчүн айтты беле, анысын да түшүнгөн эмеспиз. НПОшницалардын бири грант алуу үчүн ошентип жүрсө, эч ким көңүл деле бурмак эмес. Алардын тиричиликтери ошол. Бирок, мамлекет башчысынын жубайынын антип дөөрүгөнү эч кандай этикага, нормага ылайык келбегендигине карабастан ага унчуккан эмеспиз. Чындыгында анын бир улуттун ар намысына, абийирине доо кетирген андай сөздөрү үчүн сотко берсе да болот. Эми анын күйөөсү өзүнүн эркек экендигин унутуп аялдардын жоолугуна асыла баштаганда мына ушуларды жазууга аргасыз болдук.

Жоолукту кай жерде, кантип салынарды аялдар гана жакшы билет. Эми АШАны Ашахан же Пашахан дейбизби?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу