Атамбаевге кандай айыптар коюлганы турат?

Кыргызстандын экс-президенти Алмаз Атамбаевди Кылмыш кодексинин эң кеминде ондон ашык беренеси менен айыптап, кылмыш иштерин козгоого толук негиздер бар. Алар: 1.Сепаратисттерди сүрөөнгө алып, аларды көкүткөндүгү, 2. Күч органдарын жетектеп турган адам катарында 2010-жылы июндагы түштүктөгү коогалаңдардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү жана кандуу окуялар учурунда 10 күн дайынсыз жоголуп кетип, өз милдетин таптакыр аткарбагандыгы, 3.Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо, 4.“Манас” аэропортун, 5.Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо, 6.Чолпон-Атадагы ипподромду курууда ж.б. мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы иш кылып, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы, 7. Министрлерге түз тапшырма берип, ыйгарымынан чыгып кеткендиги, 8.Жасалма документтердин негизинде (“Белизгейт”,”Маевскийгейт”) саясый атаандаштарын жаманатты кылып, куугунтукка алып, ден-соолуктарына жана беделдерине доо кетиргендиги, 9. Президент болуп турганда айрым саясатчыларды, журналисттерди системалуу түрдө ыплас сөздөр менен мазактап, опузалап, коркутуп келгендиги, 10. Алты жылда 26 жолу эмгектик өргүүгө чыгып, жумушчу ордуна жумасына 1-2 жолудан гана келип, эмгек тартибин эң одоно бузгандыгы,11.Прогулдары үчүн да маяна жана сыйлык акы алгандары, 12. Мамлекет башчысына ылайык келбей турган жүрүм, турумдары, 13. “РусГидро” менен келишимди денонансациялап, мамлекетке 37 миллион доллар зыян келтиргендиги ж.б. болуп саналат. Эгерде Датка-Кемин электр энергияларын өткөргүчүн, альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун куруудагы мыйзамсыз көрүнүштөр дыкат изилденсе, жогорудагыларга дагы бир нече пункт кошулганы турат.

Бир сөз менен айтканда, АШАнын мамлекеттин алдындагы күнөөлөрү аз эмес. Алар дыкат иликтенип, тезирээк аягына чыгарылуусу зарыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу