Атамбаевди парламенттеги партиялаштары да колдобой турганын көрсөттү

Мындан бир нече апта мурун КСДП партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди партия мүчөлүгүнөн чыгарган чечим кабыл алган эле. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимди шашылыш кабыл алганынын сыры да бат эле ачыкка чыккан.

Рыспаев парламентте отун-энергетика комитетин жетектей турганы белгилүү. Андыктан ал «Датка-Кемин» ЛЭПтин курулушунда сарпталган акча каражаттарынын канчалык деңгээлде максаттуу жумшалганын териштирүү максатында Кытай тарапка да бир нече жолу запрос жөнөткөн экен. Мындай аракет КСДП лидери А. Атамбаевдин бир жагынан куйкасын куруштурса, экинчи жагынан кооптонткон. Себеби, аталган ири долбоор АШАнын убагында ишке ашканын жана ага сарпталган каражаттар боюнча да көптөгөн суроолор жаралып жатканын жакшы билет эмеспизби.

Ошентип КСДПнын саясий кеңеши бул депутатты партия катарынан чыгаргандан кийин, эми аны парламенттеги фракция катарынан чыгаруу маселеси калган. Буга чейин аталган фракция бул маселени карап, улам аркага жылдырып келишкен эле. Акыры фракция депутаттары бир чечимге келип, депутат Кожобек Рыспаевди фракция мүчөлүгүнөн чыгарбай турган чечим кабыл алышканы белгилүү болду. Анын фракцияда калышын 26 депутат колдогон, болгону 4 гана депутат каршы болгон.

Демек, ошондо Атамбаевди өзүнүн парламенттеги партиялаштары да колдобой турганын түшүнө берсек болобу?

Эске сала кетсек, буга чейин жер-жерлерде «Атамбаевсиз КСДП» урааны менен КСДП партиясынын мүчөлөрү өздөрүнүн конференцияларын өткөрүп келишкенин билебиз. Эми ошол ураан парламентке да келип жеткен сыяктуу. Коррупцияга белчесинен малынгандардын тагдыры акыры жалгыздык ырын ырдап калышына гана жетелеп келет окшобойбу.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу