Заматта байып, “отдел кадрга” айланган Данияр Аттокуровдун ымандай сыры..

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурган Данияр Аттокуровдун кыска убакыт аралыгында табышмактуу жол менен миллионерге айланып калганы боюнча акыркы 2 жылдан бери желип-жорткон кептер айтылып келет. Өзү активдүү деле депутат эмес, болгону Ысык-Көл облусуна байланыштуу маселелер боюнча парламентте сөз кылып калат. Бирок, АШАнын доорунда Ысык-Көл облусу боюнча бийликтин “отдел кадры” деген атка конгон.

Анын партиялаштарынын айтымында Д. Аттокуров 2010-жылга чейин карапайым эле турмушту кечирип келген. Ашынган байлыгы да, күргүштөгөн бизнеси да жок эле. Убагында Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеген.

Анан эле 2010-жылдан кийин тез арада эле колунда бар, байманасы ашкан адамдардын катарына кирип калганына партиялаштары да таң калган. Өзү болсо депутат болуп келгенден кийин деле болгону 5,5 гектар жери бар экенин, андан башка бизнеси жоктугун айткан эле.

Мындан эки жылча мурун КСДП партиясынын катарынан жаштар канатын жетектеп келген мүчөсү Ренат Самудинов күч менен сүрүлүп чыгарылганын билебиз. Мунун сыры эмнеде экенин адегенде көпчүлүк билген эмес. Көрсө, ал өзүнүн айрым партиялаштарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы чыгып, акыйкаттыкты айтып чыкканы үчүн куугунтукка кабылган тура.

Р. Самудинов ошондо эле Д. Аттокуров өзүнүн бизнесин жашырып жүргөнүн жана анын инисине катталган фирма “Фаворит Транс” Кара-Кече көмүр кениндеги коррупциялык иштерге катыштыгы бардыгын айтып чыккан. Тактап айтсак, ал партиялашы, депутат Данияр Аттокуровдун бир тууган иниси Сардарбек Аттокуровдун фирмасы боюнча Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөш кызматына жана Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдогон 2016-жылы. Анда Кара-Кече көмүр кенинде үч миллион доллар коррупциялык схема тууралуу документтер тиркелген болчу.

Анын айтымында, 2016-жылдын башында Кара-Кечеден көмүр ташуу боюнча тендерди “Жандос” деген фирма уткан. Бирок, ал тендердик келишимдеги милдетин түшүнүксүз жагдайда “Фаворит Транска” өткөрүп берген. Мына ушул жерде Д. Аттокуровдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, таасирин көрсөткөнү болгон эмеспи деген суроо туулат.

Д. Аттокуровдун иниси таандык аталган фирма 2013-жылдан бери “Кумтөр” ишканасындагы тендерлерге катышып, калдыктар үчүн жер, аянт даярдоо, жерди кайра калыбына келтирүүгө байланышкан иштерди аткарып, узак мөөнөттөгү келишимдерди түзүп жүргөн. Андан сырткары иштетилген майларды сатып алуу боюнча тендерлерге катышкан.

Анын бир кездеги партиялашы Эркингүл Иманкожоева да Д. Аттокуровдун 2010-жылдан кийин тездик менен байып кеткенине таң калган: “Ал ошол кезде штабды жетектеп турган. Ошондо фракциянын жыйынында өзү отурганда «сенин маянаң канча?» деп сурагам. 18 миң сом деп жооп берген. Ошондо “ай, Данияр 18 миң сом айлык алган адам бир жыл ичинде 80 пайызы бүтүп калган үйдү бузуп, кайра анын ордуна жаңысын сала алабы? Мисалы, күйөөм экөөбүз тең иштейбиз, бирок канча жылдан бери бир үй сала албай жатабыз, сен болсо бир жылдын ичинде бир үйдү бузуп, ордуна жаңысын салдың”, деп маселе койгом. Ошол жерде И. Илмиянов отурган, фракциянын өкүлдөрүнүн баары отурган. Ал болсо ал атамдардын үйү деп кутулуп кеткен. Кийинчерээк ал үйдүн жанына дагы эки үй салганы маалым болду”, — деген эле ал маалымат булактарынын бирине.

Анан дагы Д. Аттокуровдун инисине катталган “Фаворит Транс” фирмасынын ишмердүүлүгү боюнча мындай деген: “Кумтөрдө иштетип жаткан ар бир машина бир канча миң доллар турары белгилүү. Андан сырткары чоң крандарды дагы киргизип жатат. Андай техникалар болсо бир канча миллион турат экен. Бул бала 2010-жылга чейин эч нерсеси жок эле жүргөн болчу. “Фаворит Транстан” мурун көптөгөн уюмдар Кумтөргө унааларын киргизип жүргөн. Булар азыр бийликте турган үчүнбү, айтор ал жактан көп фирмаларды сүрүп чыгарганга аракет кылып жатышат. Анткени булар машиналарды улам-улам көбөйтүп жатат. Кызмат абалына байланыштуу, айтор, тендерлерди дагы көп утуп жатат. Мен Кызыл-Сууга барганда ал кадр маселелерине да кийлигишип өз адамдарын кайсы бир кызматтарга түртүп жатканы да билинди. Бизнес жасасын, бирок ушинтип элдин ырыскысына кол салбашы керек да. Жапжаш болуп алып алдым-жуттум болбошу керек. Эгер өз эмгеги менен көтөрүлсө биз эч нерсе дебейбиз. Азыр эми оппозицияда жүргөн саясатчыларды 2010-жылга чейин эч нерсеси жок эле, байып кетти деп сындап жатышпайбы. Ошолор эмнеге Данияр Аттокуров тууралуу айтышпайт? Ал деле 2010-жылга чейин эч нерсеси жок жүргөн бала болчу. Бир-эки жылдын ичинде эле миллионер болуп кетүү реалдуу эмес”.

Чын эле Д. Аттокуров мынчалык тездик менен кантип байып кеткен? Неге ал инисинен фирмасын “Кумтөрдө” иштетип, башка фирмаларга кысым жасаган? Мына ушуга эми тиешелүү мамлекеттик органдар көңүл бурар бекен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу