Абдил Сегизбаевдин бейнеси: психологиялык травма, саякчылдык, байлыкты жандан артык көрүүчүлүк…

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин 2016-жылы ойлоп тапкан «Белизгейт» окуясы учурда дагы кызуу талкуу жаратууда. Бирок, бул жолкусунда ал окуя эми «ойлоп табуучунун» өзүнө каршы иштей баштады. Кыязы, «Бирөөгө ор казсаң да, тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн» деген учкул кепти Абдил мырза убагында эске албай койсо керек. Себеби, ал «ата мекенчи» үч депутатка казган ору өтө терең болгонуна бүгүнкү күндө гана өзүнүн көзү жетип отурат.
Мамлекеттик деңгээлде, алтургай, эл аралык деңгээлде жалган айтуунун классикалык үлгүсүн көрсөтө алган, ошону менен убактылуу болсо дагы саясий утушка ээ боло алган мындай адамдын таржымалы албетте көпчүлүк үчүн кызык болсо керек. Абдил Сегизбаев деген өзү ким? Анын портретин кагаз бетине кандай кылып түшүрсө болот? Мына ушул жаатта биз аракет кылып көрөлү, ал эми сиз, окурман тыңдап туруңуз.

Абдил Кеңешович учурда 45 жашта. Эмгек жолун «Сорос-Кыргызстан» фондунда координатор (1995-2000-жылдары) болуп иштөөдөн баштаган. 2000-2003-жылдары Швейцардык эл аралык кызматташтык ассоциациясында координатор болуп иштеген. Ошентип иштеп жүрүп, ал ошол учурда саясаттагы таасирдү айымдардын бири менен «көз ымдашып» калат. «Көз ымдашуунун» арты экөөнүн «сүйүү отун» жандырат. Анан ал таасирдүү айым Абдил мырзаны колунан жетелеп келип, ал кездеги мамлекет башчысы Аскар Акаев менен тааныштырат: «Мынакей, сизге маалымат катчы болууга жарай турган жигит» деп. Демек, ошентип ал саясатка «төшөк» аркылуу келген болуп атабы?

Биринчи психологиялык травма

Ошентип 2003-жылы ал А. Акаевдин маалымат катчысы кызматына киришет. Эки жыл билинбей зуулдап өтүп, 2005-жылы 24-мартта А. Акаевдин бийлиги кулайт. Ошондо Акаев качып кеткени менен А. Сегизбаев Ак үйгө кирген элдин алдында калып калат, катуу токмоктолот. Эгерде ошол митингчилердин арасындагы боорукер адам: «Бул жазасын алды, катуу токмок жеди, эми тийбегиле» деп элден арачалап алып чыгып кетпегенде, балким Абдил мырза ошондо эле оо дүйнөгө узап кетиши мүмкүн эле. Бактысына жараша, боорукер адам табылып, аны көпчүлүк элдин арасынан сууруп чыгып, борбор калаадагы эжесинин үйүнө чейин жеткирип койгон экен.

Ошондо башына көбүрөөк сокку жеп калган. Андан сырткары психологиясына доо кеткен. Көпчүлүк чогулган элди көргөндө айланып өткөндү адатка айлантып алганы да ошондон.

Экинчи психологиялык травма

А. Сегизбаевдин биринчи аялы бир кездери белгилүү тележурналист болуп жүргөн Асел Мамбетова болгонун көпчүлүк биле бербесе да, азчылык билет. Кийин ал айым Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин аны менен «көз ымдашып» жүрүп, токолу болуп алган. Бул жагдай А. Сегизбаевге катуу психологиялык сокку болгон. Анын Бакиевдерге катуу жинденип калганынын негизги сыры мына ушунда жатат.

Уруучулдук — улуттун биримдигине каршы

Абдил Сегизбаев жеткен уруучул адам экенин да баары билет. Ал А. Акаевдин маалымат катчысы болуп жүргөн убакта эле, президенттик аппаратта иштегендердин уруусу ким экенине көп кызыкчу экен. Анан ал саяк эместердин баарына тымызын кодулоо жасачу экенин айтышат.

Кийин 2011-жылы ал президенттикке талапкер А. Атамбаевдин штабында иштеп калат. Анын маалыматтык жактан кызмат көрсөтүүсү АШАга майда жагып калгандыктан, жеңишке жеткенден кийин адегенде өзүнө жардамчы кылып алат. Андан кийин КР президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө башчы болот. Бир жыл өтпөй маалыматтык саясат боюнча президенттин кеңешчиси болуп которулат. Андан кийин УКМКнын төрага орун басарлыгына дайындалат. 2015-жылы УКМК төрагасы болот.

Мына ушундай кызматтарды аркалап жүрүп, ал маалымат жагын тейлеген мамлекеттик ММКлардын жетекчилигине да өзүнүн кадрларын коюга жетишет. Анда дагы уруусуна карайт. Мисалы, ал сунуштаган кадрлар – И. Карыпбеков КТРКга, А. Мусаев ЭлТРге барат, экөө тең саяк уруусунан. Алмаз Үсөновду да саяк уруусунан болгону үчүн 2003-жылдан тарта колдоп келген. Мындай оорусун ал УКМКны жетектеген кезинде да карматкан. Ошол убакта ал жалаң гана “саяктарды” кызматка алганы белгилүү…

Жакшылыкты тез унутуу…

Абдил мырза өзүнө карата жакшылык жасаган адамдардын жардамын өтө тез унутат. Мисалы, 2005-жылы 24-марттагы революцияда аны көпчүлүктүн ур-токмогунан ажыратып, аман алып калган адамды 2011-жылы КР президенттик аппаратында иштеп калганда «Бюро пропускта» «кара тизмеге» киргиздирип койгон. Башкача айтканда, «Мына ушул адам мага киргизилбесин» деген көрсөтмө берген. Ошондо ал адам Абдил мырзанын адамгерчилик сапаты жоктугуна катуу нааразы болуп, «эзели жакшылык көрбөсүн» деп колун шилтеп кеткен дешет.

Дагы бир мисал, жогоруда санап өткөн кызматтардын баарына ал А. Атамбаевдин жеке колдоосу менен барган. Бүгүнкү күндө ал АШАдан оолак качып, алтургай ага каршы маалыматтык чабуул да жасап атканы байкалууда. Тактап айтсак, ал өзүнүн айрым санаалаштарын КСДП партиясынын катарынан чыгууга үндөп, социалдык түйүндөр аркылуу аталган партияны каралоого өттү.

Эмнеге ал мындай кылууда? Биринчи себеби, анын коркоктугу, «камалып кетемби» деген түпөйүл суроо көңүлүн тынч койбой жатканы. Экинчиден, ал УКМК төрагасы болуп туруп, ошол убактагы оппозициячыл саясатчылардын телефондогу сүйлөшүүлөрүн, жолугушуулардагы сүйлөшүүлөрүн тыңшап, жаздырып алуу менен АШАга катуу жагууга аракет кылган. Себеби, ал өзүн мураскер катары көргөн. Бирок, ал тилеги таш капкан. Буга ал ичинен таарынып калган эле.

Айтор, бүгүнкү күндө Абдил мырза кандайынан чабалактаса дагы, бир буту эркиндикте, бир буту түрмөдө турат. Алты жыл ичинде аялына гана каттаткан 50дөн ашуун мүлкүн эми башка адамдарга шашылыш каттатуу менен алек. Бирок, мунун баары азыр коомчулукка ачык белгилүү болуп калды. Андыктан ал мүлктөрдү эми эч кайда алып кача албайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу