Аргумент

Коомдук активист Мелис Аспеков Фейсбук баракчасындагы  өздүк баракчасына Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти

Урматуу Сооронбай Жээнбеков беш маал окуган намазыңыз кабыл болсун! Кыргызстандын келечеги үчүн түнкү тахаджут намаздагы дуаларыңыз жараткан Аллах Талаага жетет деп ишенем.

Менин сизге кайрылуумдун себеби азыркы учурда бейкуноо камакта жаткан экс-депутат Канатбек Исаев агабыздын кылмыш ишин толугу менен тергөөдөн кыскартып, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитсеңиз.

Ал эми Садыр Жапаров агабыздын мыйзамсыз соттолгону баарыбызга маалым. Адилеттуу соттор кылмыш ишин кайра карап, толугу менен күнөөсү жоктугу аныкталып, окмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындасаңыз, эл алдында кадыр баркыңыз мындан дагы жогоруламак деп ойлойм.

Бул эки мекенчил агаларыбыз колуңузга кол болуп, кең келечегибизге салымдарын кошуп, эки аймакты бекем кармап берет деп терен ишенем.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу