21 мышыкты өлтүргөн адам 16 жылга кесилди

Калифорниянын жашоочусу Роберт Рой мышыктарды өлтүргөнү үчүн 16 жылга кесилди. Бул тууралуу РИА Новости USA Today басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты. Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери Калифорниянын районундорунун биринде мышыктар жоголо баштаган. Кийинчерээк алардын өлүгү табылган.

Кылмышка шектүүнү бир айдан кийин табышкан. Полиция кызматкери унаа токтотуучу жайлардын бириндеги машиненин ичинен өлгөн мышыкты таап алган. Бул учурда айдоочусу Рой да ичинде уктап жаткан. Тинтүү учурунда авто машинадан миздүү бычак, канга боелгон кол каптар жана мышыктын терилери табылган.

Жалпысынан 21 мышык өлтүрүлгөн.

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу