2019-жыл эң ысык болот…

Адамзат тарыхында 2019-жыл эң ысык мезгил болот. Эль-Ниньо фазасы азыртан баштап башталды.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Эль-Ниньо фазасы жакындаганда Тынч океандын чыгыш бөлүгү жылый баштайт.

“Эль-Ниньо боюнча, 2019-жыл эң ысык мезгил болот”, – дейт Санта-Барбарадагы Калифорния университетинин илим-климатологтору.

Адамдар акыркы кездери Эль-Ниньо белгилерин байкай башташты.

“Адамзат тарыхында 2015-2018-жылдар ысык мезгил болуп саналды. Ага көмүр кычкыл газынын көбөйүүсү себеп болду. Буткүл дүйнөлүк метерологиялык уюмдун маалыматы боюнча, көмүр кычкыл газы рекорддук көрсөткүчкө жеткен”, – делет кабарда.

Бул жылы түштүк жарым шарда 70 тропикалык циклон менен жел болду. Ал эми орточо көрсөткүч 50нү көрсөттү.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, глобалдык муздатуу маселеси тез арада изилденүүсү керек. Климаттын өзгөрүүсү экосистемага 2030-жылдан баштап таасир бере баштайт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу