2019-жылы кандай юбкалар модада?

Юбка айымдардын универсалдуу кийими болуп саналат. Анын жардамы менен келбетиңиздин түзүмүн ачууга болот. Жыл сайын мода эксперттери юбкалардын формаларын өзгөртүп турат. 2019-жылы кандай юбкалар модада?

Юбка-Карандаш

2019-жылы стилдүү юбка-карандаш модада. Аны тигүүдө мода эксперттери калың материалдарды колдонгон. Анын кооздугун ачуу үчүн жылтырак, ар кандай текстураларды кошуп койсоңуз болот. Мындай юбкаларды сиз үстүңүзгө кенен кофталар менен кийсеңиз болот.

Юбка-Складка

Мындай түрдөгү юбкалар дагы көп жылдардан бери өзүнүн модалуулугун түшүрбөй келе жатат. Аны сиз жука кофта, футболка жана көйнөктөр менен кийе аласыз.

Юбка-Плиссировка

Бул түрдөгү юбкалар дагы мыкты дизайнерлердин тандоосу болуп саналат. Муну тандоодо жылтыраган материалдарга көңүл бөлгөнүңүз жакшы. Эсиңизде болсун, бул юбкалар ар бир эле айымдын фигурасына туура келе бербейт. Анткени ал сизди толук көрсөтүп коюшу мумкүн.

Жырык түшүрүлгөн юбкалар

Жырык түшүрүлгөн юбкалар айландагы адамдарды кош-көңүлсүз калтырбайт. Жырык көбүнчө юбканын ортосуна же болбосо сол тарапка түшүрүлөт. Бул түрдөгү юбкалар сиздин ажарыңызды ачып, келбетиңизге көрк кошмокчу.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу