2018- ЖЫЛ КАЗАКСТАНДА ӨЗБЕКСТАН ЖЫЛЫ…ӨЗБЕКСТАНДА КАЗАКСТАН ЖЫЛЫ БОЛОТ

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2018-жылды Өзбекстандын жылы деп жарыялады.

Нурсултан Назарбаев республикалык телеканалдардын эфиринде “Өзбектер — бизге жакын эл, коңшубуз. Өзбекстан Борбор Азиядагы ири өлкө, аны менен түзүлгөн мамиле абдан маанилүү. Кийинки жыл Казакстанда Өзбекстан жылы, ал эми Өзбекстанда Казакстан жылы деп жарыяланат”, — деген. Бул тууралуу бир катар казак басылмаларды жазып чыгышты.

“Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев менен көрсөткүчтү беш миллиард долларга жеткирүүнү сүйлөштүк. Бүгүнкү күндө биргеликте унаа өндүрүү боюнча сүйлөшүү бар”, — деп билдирген президент. Буга чейин Назарбаев менен Мирзиёев телефондон эки тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин талкуулашканы белгилүү.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу