2017-жылдын 1-январына карата жер шарындагы адамдардын саны 78,5 миллион адамга көп болот.

2018-жылдын 1-январында Жердеги адамдардын саны 7 миллиард 444 миллион 443 миң 881ге жетет. Мындай божомолду АКШнын каттоо бюросу жарыялады.

Ведомствонун адистеринин айтымында, келерки жылдын январь айында ар бир секунд сайын жарык дүйнөгө 4,3 ымыркай келип, 1,8 адам каза табат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январына салыштырмалуу өсүш 1,07 пайызды түзөт — бул 78,5 миллион адам дегенди билдирет.

Бюронун эсептөөсү боюнча 2050-жылы дүйнөдөгү элдин саны 9 миллиардга жетет.

БУЛАК:SPUTNIK.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу