Турак жайлардагы Лениндин сүрөтү илинген лозунгдар, сувенир дүкөндөрү, нан жапкан тандырлар. Sputnik Кыргызстан агенттиги Ош шаарынын 50 жыл мурунку архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Ош — Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири катары саналган. Башка шаарлардан үч миң жылдык байыркы тарыхы, эски мечиттери жана зыярат кыла турган касиеттүү Сулайман-Тоосу менен айырмаланып турат.
Сулайман-Тоонун үстү. Ал жерден шаар алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул жерде туруп Достук аллеясын жана башка кооз жерлерди көрүүгө болгон. 1970-жыл
Оштун аба майданы шаардан тогуз чакырым алыстыкта жайгашкан. 1974-жыл
Аэродромдун аймагында үч учуп-конуу тилкеси болгон. 1974-жыл
Айылдарга жана коңшу региондорго шаардын чок ортосунда жайгашкан автобекет аркылуу кетишчү. 1982-жыл
Ошко келген туристтердин көбү Сталин көчөсүндөгү «Алай» мейманканасына жайгашчу. 1960-жыл
Башка шаарлар менен сүйлөштүрүп турган байланыш түйүнү. Бул станция он миң абонентти тейлеген. 1985-жыл
Сулайман-Тоонун этегиндеги сувенирлер дүкөнү. 1984-жыл
Бул чоң залдан шаардын сүрөтү түшүрүлгөн сувенир, чакан боз үй, белекке берилүүчү комуз жана ак калпактарды алууга болгон. 1981-жыл
Нан жапкан тандырлар. Наабайчылар жан дили менен тандырга кантип нан жабууну айтып беришчү
Борбордук турмуш-тиричилик үйүндө калкка чач тарач кызматтары, сүрөт салондору жана тигүү ательеси иштеп турган. 1980-жыл
Шаардык универмаг, товардын дефицит болгонуна карабай түрдүү нерселер үзүлчү эмес
Райондук дүкөндөр да кооз көрүнүп, бул жакка да эл агылып келип турган. 1976-жыл
Соода борборлордун көбү эки кабаттуу болуп, айнектер менен шөкөттөлгөн. Сүрөттө «Черемушки» универмагы. 1979-жыл
«Ош» универмагы шаардын чок ортосунан орун алган. 1978-жыл
Ал убакта борбордук китепкана түштүк жергесинин сыймыктанчу жайларынын бири болгон. Аны Бишкектеги китепканага коёндой окшош дешчү. 1989-жыл
Шаарда бир институт жана техникумдар иштеген. Сүрөттө Ош мамлекеттик педагогикалык институту (башкы корпус). 1960-жыл
Ал эми дагы бир корпусунун көрүнүшү мындай болгон. 1991-жыл
Ал учурда айыл чарба техникумунун бүтүрүүчүлөрүнө суроо талап жогору болчу
70-80-жылдары Ошто көп кабаттуу үйлөр активдүү курула баштаган
«Слава советской молодежи!» жана «Наша цель — коммунизм!» деген лозунгдар шаардын ар тарабында илинип турган
Ошто алгачкы жолу 1989-жылы 12 кабаттуу үй курулган
Шаардын өнөр жай тармагы жакшы өнүккөн. Фабрика жана заводдор иштеген аймактын көрүнүшү. 1974-жыл

Булак: Спутник