СҮРӨТ- Ырчы Малика Дина казак актёру Еркебулан Токтарга турмушка чыкты

Таланттуу ырчы айым жыл башында чыгармачылыгына кызуу киришип иштеп казак актёру Еркебулан Токтарды клибине тарткан эле.

«Айтчы себебин» аттуу клип жарыкка чыккан соң ырчы айым менен актёрдун ортосунда сүйүү пайда болгонун жарыялаган элек. Ал макала жарыкка чыккан соң ырчы айым «Мунун баары калп» деп чуу салган эле.

Бирок, «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» болуп түгөйлөр жакында эле баш кошуп, нике шакектерин тагынып учурда бактылуу өмүр сүрүшүүдө.

Ал эми ырчы айымдын тандаган жолдошу Еркебулан учурда 23 жашта. Казакстанда жаш актёрлордун катарын толуктайт.

Булак:  NazarNews.kg

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу