160 миллион долларды ким уурдаган?

«Ата Мекен» фракциясында жаңы башкы прокурордун талапкерлиги талкууланып жатканда депутат Каныбек Иманалиев болочоктогу башкы прокурор Өткүрбек Асилбековичтен кылымдын дагы бир аферасы — «Датка-Кемин» электр чубалгылары линиясын куруу боюнча афераны ачууга эрдигиңиз, принципиалдуулугуңуз жетеби?» деп сурады.

Каныбек Иманалиев жөн гана суроо бербестен, конкреттүү факгыларды да келтирди. Энергетик-эксперттердин маалыматы боюнча, 1 чакырым электр линияларынын өздүк наркы 180 миң доллардан 220 миң долларга чейин турат, ал эми Кыргызстанда болсо 1 чакырымы 640 миңдоллардан, бүткүл дүйнөлүк баага Караганда үч эсе кымбатка курулган. «Датка-Кемин» линиясьшьгн жалпы узактыгы 405 чакырым турат. Кыргызстан Кытайдан 400 млн. доллар кредит алган. Башкача айтканда ар бир чакырымы 1 млн. доллардан тууpa келет. Бир чакырым жолду курууга деле ушунча эле каражат кеткен. Жогорку чыңалуудагы бир электр мамысы 25 миң долларга тургузулат, бир чакырымга 3 мамы кетсе, ошондо 75 миң доллардан корогон болот да, туурабы? Анда калган акчалар каякта?

Эксперттер менен депутаттардын эсеби боюнча, «Датка-Кемин» электр линиясын куруудан 160 млн. доллар уурдалганы ачыкталабы? Карыз болсо жал­пы элдин мойнуна илинип турат, аны биздин балдарыбыз, неберелеребиз төлөшү керек болот. Бул эмне, бийликтин кылмышы эмеспи? Кытайларга баары бир, алар өз акчасын кайра өндүрүп алышат, ал эми Кыргызстан болсо Тажикстан сыяктуу өз жерлерин жоготуп алышы мүмкүн.

Бул суроо базарда, же автобус аялдамасында эмес, Жогорку Кеңеште коюлду. Ошондуктан, биз да башкы прокурорго, УКМКнын жетекчилерине суроо бергибиз келет: силердин бул ишти иликтейин деген оюңар барбы? Же кыш күрөөдө да­гы Бишкек ТЭЦиндегидей авария болушун күтүп отура бересиңерби?

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу