15 жаштагы кыз жетекчисинин 100 жолу отуруп-туруу тапшырмасын жасагандан кийин көз жумду

Кытайда 15 жаштагы кыз жумушка кечигип барганы үчүн жетекчиси талап кылган жазаны аткарган соң аба жетпей көз жумган. Жетекчиси анын 100 жолу отуруп-туруусун буйрук кылган.

Сяо Фэй аттуу кыз агасынын медициналык эсебин төлөө үчүн окуусун таштап, кыймылсыз мүлк компаниясына жумушка кирет.

Атасынын сөзүнө караганда, анын кызы эртең менен жумушка кечигип калат ал эми жетекчиси кыздын кечиккенине жини келип, 100 жолу отуруп-

туруусун талап кылат. Ушундан кийин кыз өзүн начар сезип үйгө келген. Кыз дары-дармек ичип, дарыланганы менен абалы начарлап, басууга да чамасы келбей калат. Бир нече күндөн соң колдору да иштебей калган. Андан кийин Сяо майып болуп калат.

Кызды ооруканага жеткирип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышат. Дарыгерлер кыздын денесинен сейрек кездеше турган нерв талчаларынын иштешинин бузулуусуна себеп болгон Гийена-Барре синдромун аныкташат. Бирок, бул синдром жетекчинин катаал жазасынан кийин пайда болдубу, жокпу аныктала элек. Сяо оорукана жаткыылгандан кийин 10 күндөн соң каза болот.

Булак: kundemi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу