Бир нече “Ата Мекенчи” БШКга депутат болбойбуз деп арыз жазып беришиптир

2015-жылы “Ата Мекен” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан БШКнын мурунку төрайымы, “Максим коркутуп” жатат деп Орусияга качып кетип, орус жарандыгын алып алып, ал тургай 2007-жылдары Кремлде мамлекеттик кызматта иштептир деген Клара Кабилова, кийинки аты Гулнара Самат учурда Аида Салянованын ордуна депутат боло албай убара тартып жатат. БШК болсо анын кош жарандуулук маселесин негедир созуп карап жатат. Азыр депутаттыка жулунуп жаткан Кабилова 2015-жылы эле БШКга “Ата Мекендин” тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жазган экен. Ушундай эле арызды Кабиловадан кийин депутат болууга кам уруп жаткан аксакал Ташболот Балтабаев да жазган. Андан кийинки кезектеги талапкер Талант Узакбаев дагы жазыптыр.

Ушундай эле өз каалоосу боюнча БШКга жазылган катты Узакбаевден кийин тизмеде жазылган генерал Рыспек Мирзаматов дагы жазган. Ошондой эле арызды Нургул Бакирова да жазыптыр. Ушулардын өздөрү жазган арыздарынын негизинде ал кездеги партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев БШКга “Ата Мекендин” тизмесинен чыгарып салуу боюнча кат жолдоптур. Чиркешович ал тизмеге Жоомарт Оторбаевди, Асия Сасыкбаеваны, Жоомарт Сапарбаевди да дагы кошкон. Белгилуу болгондой бул үч инсан депутат болушкан жок. Булардан айырмаланып, жазган арыздарын унутуп калган жогоруда аттары аталган төрт талапкерге мыйзам иштейби? Жакында “Ата Мекендин” лидери Шыкмаматов бул төрт талапкерди тизмеден чыгаруу боюнча БШКга дагы бир жолу кат жолдоду. БШК талапкерлер өз колдору менен жазышсын дегендей кьшыптыр. Өз колу менен жазылган арыздар турат го. Аны береги сүрөттөрдөн көрсөк болот. Кыскасы, БШК бул боюнча мыйзамга ылайык чара көрүшү абзел.

Өзгөчө атын өзгөртүп, орус жарандыгын алды деген Калара Кабилова менен Ооган согушуна катышпаса да, катышты деп 2010-жылдан бери мамлекеттин эсебинен пенсия алып келген, жалган ооганчы Рысбек Мирзаматовго карата чара көрүлүшү керек. Маалым болгондой, Мирзаматовго бул боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Андыктан, ЖКга таза, булганбаган адамдар. келиши керек. Ансыз да, ЖКда таза эмес адамдар арбын олтурат.

Булак: “Багыт“

Аргумент.kg
Жооп калтыруу