12кеңеш:Кантип жаңы жашоо баштайм?


12кеңеш:Кантип жаңы жашоо баштайм?

Жоопсуз махабат, ийгиликсиз жумуштан соң мээдеги күмөнгө толгон ойду, көкүрөктөгү кайгыны алып салуу оңой эмес. Мындай көйгөйлөр ар бир эле адамдын башына келе турган нерсе. Ал эми бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издесеңиз жоопту алдыдан тапсаңыз болот.  

Азыраак сүйлөп тыныгуу жасаңыз

Эмоцияга алдырбай азыраак сүйлөп, конфликтке тушпөөгө аракет жасаңыз. Канчалык аз сөз болсо ошончолук пайдасы сиз үчүн. Убакыттын өтүшү менен жиниңиз тарап, ойлонууга убакыт келгенде гана жыйынтык чыгарыңыз. Жети өлчөп бир кес деп ата бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек.

 

Күтүп андан ары эмне болоорун байкаңыз

Сезимге алдырып  адамдарга жооп кайтарып акыйкаттыктын тез орношун каалайбыз. Бирок ошол эле учурда бир топ катачылыктарды кетиребиз. Психологдор шашпаңыз, тыныгуу жасаңыз, андан ары эмне болоорун аңдаңыз деп айтып келет.

Күнөөлүүнү издөөнү токтотуңуз

Өткөндү дайым анализдеп күнөөлүүнү издөө эч кандай жыйынтык алып келбейт. Андыктан болуп өткөн окуяны кабыл алып, көйгөйдү чечүүнүн жолун издөө маанилүү. Өткөнгө баш ийүү эмес — кабыл алуу жана андан ары жолду улоо, токтоп калбоону унутпаңыз.

Бирөөнүн оюн окууга аракет жасабаңыз

Өзүңүзгө суроо узатыңыз. Эгерде бөлөктөр сиздин оюуңузду окууга аракет жасаса алар туура окуй алышабы? Албетте жок! Бул принцип сизге дагы тиешелүү. Андыктан маанисиз жана сизге кедергисин тийгизе турган нерселерден алыс болуңуз.

Эмоцияны басуунун жолдору

Кандай көйгөй жаралбасын алгач аны чечүүнү эмес,жаңжалды тутантканга аракет кылабыз. Оттой жалын жан дүйнөбүздү ээлеп алат. Бул жалынды басуу үчүн медитация, сейилдөө, физикалык көнүгүүлөр жардам берет.

Билим жана Спорт

Адам баласы жаңы бир нерсени өздөштүрө баштаганда, керексиз ойлор өзүнөн өзү кете баштайт. Жаны ачылыштар сизди алаксытып, акырындык менен көйгөйду четке кагуу процесси жүрөт. Андан тышкары: физикалык кыймыл аракет (бокс, йога, чуркоо ж.б) негативден арылууга чоң жардам берет.

 

Негативди кагазга жазып аны орттоп салыңыз

Окумуштуулардын айтымында жаман ойлор барака түшүрүлүп жок кылынса, андан энергетикалык планда арылабыз. Ал эми процесс кырдаалды тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Андыктан барака эмес акылга жазып алуудан сактаныңыз.

Сиздин оюуңуз фактор болуп саналбайт

Реалдуулук менен сиздин оюуңуздун айырмасы асман менен жердей. Эмоция, таарынуу, жек көрүү, стресс, кабатырлануудан келип чыккан ойлор акыбалды факт кылып көргөзүп коет. Бирок чындык таптакыр башкача болуп чыга келет.

 Сабак катары кабыл алып тажрыйба топтоңуз

Башыңыздан өткөн ийгиликсиз мамиле, жумуш ж.б сизге кандай сабак алып келгенин анализдеп , келечекте ал каталарды кайталабоого аракет кылыңыз. Ар бир утулуунун алдында утуш тураарын билиңиз. Жашооңузга келип кетип жаткан ар бир адамга ыраазычылык гана билдирип, күч топтоңуз.

өткөнгө өкүнбө-жакшылыктан үмүт үзбө

Өткөндү эстегенде мен ал жерден мынтип айтсам болмок, мындай кылсам болмок деген ойлорду жыйынтыктаңыз. Бул тарыхты кайра оңдоого аракет жасоо менен барабар. М: Елена Трояга келбегенде ал шаар сакталып калат эле…

Унутам деген нерсени ойлоого тыюуу салбаңыз

Сиз башкача ыкманы колдонуңуз. Психологдордун айтымында ачык түстөрдү, майрамды,  кыялдарды элестетүү негатив ойлордон тез арылтат.

 Ийгиликсиз мамилеге чейин кандай адам элеңиз?

Бул мамилеге чейин мен таптакыр башкача элем деп ушкурунуп калабыз. Демек  ар бир сыноо сизге өзгөрүлүүгө түрткү берип жатат. Жакшы же жаман жака ал өзүңүздүн тандооңуз. Ар бир адам өз жашоосунун сүрөтчүсү. Бул макала сизге пайда алып келет деген ишеничтебиз.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу