11 жыл 6 айга кесилген Садыр Жапаровдун жактоочусу шаардык сотко арызданат

Бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү чыгарды. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов бул өкүмдүн үстүнөн шаардык сотко кайрыларын айтты.

«Сот Садыр Жапаровду Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок Каптагаев өзү сотко келип, башынан аягына чейин катышып, «мени барымтага алууга Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок» деп аны актап берүүнү суранган. Бирок сот Каптагаевдин өтүнүчүн эске алган жок», — деди адвокат.

«Соттун өкүмү мыйзамсыз, негизсиз. Эч кандай далилге таянбаган чечим болду. Биз аппеляциялык тартипте даттанабыз», — деди Токтосунов.

Аталган райондук сот чыгарган өкүмгө ылайык, Жапаров «адамды өлтүрүүнү уюштуруу», «бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу» жана «бейбаштык» беренелери боюнча толук акталды, ал эми «барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот жараяны судья Эмил Каиповдун төрагалыгынын астында өткөн. Мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу