1 айлык ымыркайдын денесиндеги ийнелерди чоочун адам киргизген!

Өзбекстандын Фергана облусунда 11 айлык ымыркайдын денесинен дарыгерлер 16 ийне табышкан. Бул тууралуу Орусиянын «РИА-Новости» агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, наристенин денесиндеги ийнелер аныкталары менен ага Ташкенттеги Республикалык тез жардам илимий борборунда операция жасалган.

Борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы, профессор Хабибулла Акимов белгилегендей, тогуз саатка созулган операция маалында 13 ийне алынган. Ымыркайдын жаш курагынан улам дагы үч ийнени алуу кийинкиге калтырылган.

Маалым болгондой, ийнелер баланын денесине бир-бир жарым ай мурда кирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүнөн табылганына байланыштуу ал өзү 16 ийнени жутуп алмак эмес. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, балага чоочун адам ийне киргизген.

Укук коргоо органдары бул факт боюнча териштирүү ишин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу