№1-СИЗОНУН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ ПАРА АЛЫП ЖАТЫП КАРМАЛДЫ

Бишкектеги №1-СИЗОнун жетекчисинин орун басары пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-мартта УКМКнын кызматкерлери тарабынан №1-СИЗОнун жетекчисинин орун басары Э.Ш. 87 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ал аталган жайга азыктарды жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу пара алып жаткан.

Ага карата “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу