​3,9 млрд. сомдук мыйзам бузуу катталган

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында 981 мыйзам бузуу фактысы катталып андан 3 млрд. 914 млн. сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сагынбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд. сомго көп. Мамлекеттик бюджетке 2 млрд. 387 млн. сом төлөнгөн. Анын ичинен, салык кылмыштары боюнча келтирилген зыян 2 млрд. 122 млн. сомду түзгөн.

Мыйзамсыз ишкердик боюнча 574 факт аныкталган. Аткезчилик боюнча 87 факт аныкталып, андан 76,3 млн. сом мамлекетке кайтарылган.

Жарым жылдын ичинде каралган 920 иштин 715ине кылмыш иши козголгон.

Булак:заман

Аргумент.kg
Жооп калтыруу