Кыргызгидромет борборунун билдиргенине ылайык өлкө аймагында 23-24-март күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат.
23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
25-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
26-мартта жана 27-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
28-29-март күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
БУЛАК:zaman.kg