​Нарында үч алтын кени сатылды

Нарын областындагы 3 алтын кени 1,8 млн. долларга сатылды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча Кичи Нарын тилкесин “Эгиз-Суу” жоопкерчилиги чектелген коому 53 миң долларга сатып алды. «Биринчи» кенин алууга “Тусан мининг” жоопкерчилиги чектелген коому 1 млн. 780 миң доллар сунуштап жеңүүчү аталды. Ал эми “Базис Голд” жоопкерчилиги чектелген коому эң жогорку бааны сунуштап Улан аянтын алуу укугуна ээ болду.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу