​Назира Айтбекова: «Күчтүүлөрдү сүйөм!»

Назира Айтбекова көптөн бери өзүнө идеалдуу адам издеп жүргөнүн инстаграм  тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

«Сыналган сайын сынбаган, чалынган сайын чыйралган, үстүнө турмуш жүк берсе, кың дебей, белим деп бекчейбей, кара терин аарчып коюп көтөрүп кеткендер жагат. Шылтоо издебегендер, өзүнө өзү жактоочу, өзгөгө айыптоочу эмес, баарына адилеттүү жыйынтык чыгаргандар жагат. Күчтүүлөрдү сүйөм! Кайраты ашып, кабагым — кашым дебей, жашоосун татыктуу уланткандар, а түгүл мурункудан да мыкты кылгандар, жашоо тузду сунса, тамагына кошуп, таттуу кылып алгандар жагат мага. Жагат мага эрдиги чоң адамдар! Өзүн эле эмес балдарын бутка тургузуп, жакындарын кошо сүйрөп, жанындагылардын баарын демине кошуп, чуркаткандар! Абдан жагат! Дем берет! Эргүү тартуулайт! Күчтүү болгуң келет аларды көрүп! Андай адамдар көп болсо, үлгү болсо!»,-деп жазды Айтбекова.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу