​Криштиану Роналду 2 жылга камалабы?

Португалиялык футболчу жана «Ювентус» клубунун форварды Криштиану Роналду салыктан качкандыгы үчүн эки жылга эркинен ажыратылып, 3,2 миллион евро айып пул төлөйт. Бул тууралуу Испания соту билдиргендигин орустун ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык 33 жаштагы атактуу футболчу Испаниянын мыйзамдарына ылайык 2 жылдык эркинен ажыратуу 2 жылдык сыноо мөөнөтүнө алмаштырылышы мүмкүн.

Роналду 3 миллион 200 миң евро айып пулдан сырткары, салык органдарына 5 миллион 700 миң евро өлчөмүндөгү чыгымдарын да төлөп берет. Мындан тышкары пайыздары эсептелип 1 миллион евро жана сыноо мөөнөтүнүн ар бир күнүнө 250 евродон төлөйт.

Футболчунун жалпы төлөмдөрү19 миллион еврону түзгөн.

10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик «Ювентус» клубуна 112 миллион еврого өткөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келген. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси болгон.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу