​Жардан кулап кетип көз жумду.

Алай районунда 40 жаштагы жаран жардан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-январда саат 13:26да аталган райондогу Жар-Кыштак айылыдагы Терек-Аңгал жарынан 1978-жылы туулган Тогуз-Булак айылынын тургуну кулап кетип каза болгон.

Окуя болгон жерде ӨКМнин Алай райондук №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн алып чыгып, РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КУБАНЫЧБЕК ЖУСУПБЕКОВ

БУЛАК: ZAMAN.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу