​Жалкоолук менен күрөшүүнүн 7 ыкмасы.

1. Жалкоолукту таштоо үчүн эч нерсе кылуунун кереги жок

Чындыгында жалкоолукту таштоо үчүн эч нерсе кылуунун кереги жок. Бөлмөнүн ортосуна туруп алып эч нерсе кылбаңыз : тамак жебеңиз, суу ичпеңиз, окубаңыз, музыка укпаңыз, ойлонбоңуз. Беш мүнөт өтпөй эле өзүңүздү колго алып бир нерсе кыла баштайсыз.

2. Беш мүнөттүк иш тура

Бир күн бою жумуш кылуу керек, мунун баарын кантип бүтүрөм деп жатсаңыз, ал үчүн беш мүнөттө жумушту баштап, иштөөгө аракет кылыңыз. Беш мүнөт кандай гана кыйынчылык болбосун чыдаса болот. Андан ары иштин кызыгына кирип кеткениңизди байкабай каласыз.

3. Чоң жумуштарды бөлүп алыңыз

Ар бир иште чоң жумушту алып кетүү оңой эмес. Ошондуктан аны майда бөлүктөргө бөлүп, катары менен баштоого аракет кылыңыз- бул алда канча жеңил.

4. Кайталанма күндөлүк турмуш

Эч нерсе кылбаш үчүн баардыгын аткаруу. Тамактануу, ичкен жегениңди тазалоо, дүкөнгө баруу, каттарды текшерүү, жаңылыктарды көрүү, достордун блогдорун окуп коюу… Мунун баардыгы негизги жумуштан алаксытуучу жана бош убакта гана жасоого мүмкүн болчу нерселер.

5. Таң эртеден баштап иштеңиз

Адамдар “үкүлөр” жана “короздор” болуп бөлүнүшөт эмеспи. Үкүлөр күнү бою жалкоолонуп, эч нерсе кылбай кечкисин гана ишти башташат. Үкүлөр үчүн күндүз да кечкисин да ишти баштоодо кеч болбойт.

6. Эмгегиңизди баалай билиңиз

Ар бир жасалган иш баалануусу керек, ошондуктан иштеп жатып өз убагында өзүңүздү кубаттап турууңуз зарыл. Иштин жарымын бүтүрдүңүзбү бир чыны кофени сүйүктүү таттууларыңыз менен жеп же беш мүнөт өзүңүздү эс алдырып туруу кажет. Ийгилигиңиз үчүн өзүңүзгө-өзүңүз сыйлык берүү менен ийгиликтердин дагы көбүн багынтасыз. Бул жакшы адатка айланат.

7. Эртеңкиге калтырбаңыз

Эгер ишти эртеңки күнгө калтырсак анда ал жуманын эң оор жана иш бүтпөгөн күндөрдүн бирине айланат. Жашоону кайрадан баштоону кааласаңыз ишти бүгүндөн калтырбай бүтүргөнгө аракеттенүү керек. Дал азыр баштаңыз демекчибиз, анткени эртең башка да иштер чыгат же ал ишти жасоодон баш тартууңуз ыктымал. Жаңы ишти баштагандан көрө баштаган ишиңизди кеч болсо да бүтүргөнүңүз оң.

Ишиңиздин ийгилигин көрүп, жалкоолукту жонуңуздан сүрүп чыгыңыз!

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу