Ө.Текебаев: “Азыр ал мени менен саламдашкан да жок»

Бүгүн, 27-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотто улантылды.

Соттун жүрүшүндө Текебаевдин жактоочулары ооруп келбей калгандыктан, мамлекет тарабынан жактоочу
берилди. Бирок Текебаев мамлекеттик жактоочудан баш тартты. Текебаев 3 жактоочусу бар экендигин
айтып, “Менин жактоочуларым 5 айдан бери менин соттук иштерим боюнча иштеп келатышат. Мага
караганда материалды алар жакшы билишет. Нөөмөттөгү жактоочу менин укугумду коргомок болуп
жатат. Менин соттук материалдарым менен таанышкан жок. Кантип анан менин укугумду коргойт.
Мени жактоочуга ишенбейм. Ошондуктан ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Кечээ мага жөнөтүп, калп болсо
да жолуктуруп койбойт белеңер. Азыр ал мени менен саламдашкан да жок. Прокурорлор менен сотту
карап отурат”, – деди Текебаев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу