Өңдү көрсө жүз таябы?

Кызыгың түшкүр, саясаттын арабасына отургандар бирде төө минсе, экинчи ирет жөө жүрүп каларын турмуш тастыктап эле келатат. Касапчылар мандатка ээ болуп депутат, шопурлар ак үйгө баш багып бийликтин мыкчыгери болгонун уга берип кулагыбызга кум толуп кетпеди беле? Анткени өлкөнүн жооптуу бутактарына даң салып ойногондон башкага жарабагандар илинип калганына күбө болуп эле жүрбөйлүбү? Ошентсе да эптекейлер, шылуундар гана кызматтын көркүнө көрк кошуп элди суктантууга жарашарын калпка чыгара албайбыз.

Ошондой азаматтардын туу башында Икрамжан Илмиянов кезинде турганын билмексендикке сала албайбыз. Ал аймактарды кыдырганда жойпуланып, колуна суу куюп, урматтап жүргөндөр азыр тетири карап кетишкени эмнеден? А‑аа туура байкадыңар, бийлик колдо турганда ме деп пулун сунгандар, кеткенде келе бербейсиңби деп омуроолоп каларын кантебиз? Ушундай “беренеге” учурда Икрамжан шайкеш келип турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, өңдү көргөндө жүз тайып кетери жалпыга маалым эмеспи. Тилекке каршы ар кайсы тармактын каймагын шыпырып жеген сүткордун колу майлуу экен “из кубарларга” бирдемке сугунтуп жиберип караңгы жерге кирбей эле эркин дем алып жүргөн кези. Ким билет, балким майрамдар өткөндөн кийин чындап сары изине түшүп калышаар? Ага чейин Ак Турпактын күрүчүнөн жасалган май палоосун жеп турсун да…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу