«Өңдү көрдү, жүз тайды» кадр саясаты

— Алмамбет мырза, «мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ал башкарган КСДПнын кадрларынын бийликтен четтетилиши коррупцияга каршы күрөш менен байланышы жок, тескерисинче, Атамбаевдин саясий таасирин азайтуу максатында эле жасалып жатат» деген пикирлерге кошуласызбы?

Алмамбет Матубраимов:

— КСДП Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештердин баарында бийликте отурат. КСДП талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков президент болду.

Коррупцияга малынып калгандар эптеп андан кутулуунун амалын көрүп, ар кандай жолдорду издеп жатышат. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин убагында кетти, «экинчи мөөнөткө бийликке барам» деген жок, ал үчүн ага рахмат айтыш керек. Досуңбу, кудаңбы же башкасыбы, атайын ишенип бийликти берген соң кийинки президенттин ишине кийлигишпеш керек.

Экөө жеке жолукканда кандайдыр бир сунуш-пикирлерин, кеңештерин бири-бирине айтсын, бирок жалпы коомчулукка чыгып алып ар нерсени айтып сындоо туура эмес. Жээнбеков жалпы эл аркылуу президент болуп шайлангандан кийин мамлекеттин бардык жоопкерчилигин моюнга алышы керек.

Бирок азыркы президенттин 2017-жылдын 1-декабрына чейинкидей бийлиги жок, бийликтин көбү парламент менен өкмөттө. Кеп — ошол бийликти туура колдонуп иштеш керек. «Президент кадрлар боюнча кийлигишип жатат» деп айтышууда. Президент эки кызмат ордун: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилерин жана Башкы штабдын жетекчилерин гана дайындап жатат. Көз каранды эмес сот, өз алдынча бийлик бутагы Жогорку Кеңеш болгондон кийин ошондой макамдарын колдонуп иштеши керек.

Башкы прокурорду кызматка ким бекитет? Жогорку Кеңеш. Отчетту кимге берет? Жогорку Кеңешке берет. Көрдүңүзбү, ар ким өз ордун билиши зарыл. Ошондон улам президент Жээнбеков акыркы кайрылуусунда “үч бийликтин бутагы чогуу иштейли” деп чакырык жасап жатат. Тилеке каршы, үч бийлик үч жакты карап жатат. Бизде мыйзам ченемдери бузулган учурлар көп болууда.

Булак: “Азаттык”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу