Өңгүрөп ыйлаган Бабанов.

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арызын жазгандыгы тууралуу учурдагы «Ресупублика-Ата-Журт»фракциясынын лидери Руслан Казакбаев массалык маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, ал Бабановдун арыз бергенин көргөн жок,бирок уккан.

Ал эми Борборрдук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга бул боюнча арыз түшө электигин айтты. Жыл жаңырганда саясаттан кеткенин айткан Бабанов, мандатын дагы тапшырып берээрин билдирген.

Кылмыш иши козголуп, керт башын ойлоп сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов ушуну менен чындап саясаттан кетеби,же убактылуу түлкүдөй мант берип жатабы деген суроо коомчулукта арбын талкууланып жаткан кез.

Бабанов болсо жакында «Республика-Ата-Журттун» депутаттарын, таасирлүү адамдарын Алматыга чакырып жолугушкан экен.

Натыйжада, чакыргандарды силер сатып кеттиңер, туруп бере алган жоксуңар деп сөгүп, көзүнүн жашын көл-шал кылып төгүп,озоңдоп ыйлаптыр.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу