Өпкөсү жок Таластык дечү беле

Өмүрбек Суваналиев деген бир мыкты генерал акебиз бар таластык. Чынында мыкты киши, өз ишинин профессионалы. Бирок Өмүкебиз кээде ашыкча эле төш кагып, мактанганда бери жактагы киши ыңгайсыз абалда калат, уялбагандан өзүң уял болуп. Айтайын дегенибиз, Суваналиев Бабановго тийишип жаткан крим төбөлдөрдүн баарысынын ордуна койгон имиш, болгондо да Оштогу «черныйларды» ордуна коюптур. Эми буга ким ишенет ыя? Суваналиев азыркы учурда ким өзү? ИИМ министриби же УКМК башчысыбы? Крим чөйрө аны көргөндө «чычып» салгыдай же мыйзамдагы уурубу? Мактанат десе эле ашепке кетип калганы жаман да. Өпкөсү жок деп бекеринен айтылбаптыр да. Мейли, Өмүрбек акебизге ийгилик каалайбыз.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу