Өнөк таппай өпкөлөгөн Бабанов

Талапкерлердин ичинен эң эле эпчили, байы жана маалыматтык колдоо ресурсу жетиштүү Бабанов түштүк региондон татыктуу жандоочу таппай убара. Бабановдон Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаевдин оозу күйгөн. Өткөн парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев алардын кейпин кийди. Ошондуктан алардын Бабанов менен бир болуусу мүмкүн эмес.

Аны түшүнгөн Бабанов эми Улукбек Кочкоровдун артынан улам киши салып, аны жандоочу кылып алууга абдан эле аракеттенип жаткан учуру.

Улукбек Кочкоров жаш саясатчы. Ал республикалык деңгээлдеги саясатчыга айлануу жана келерки парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн өзү талапкер катары чыгууга кызыкдар.

Талапкер катары  менен ал өзүнүн “Жаны доор” партиясын да таанытып алат. Бирок кайсы бир шарттарда Кочкоров Бабановдун тузагына илиниши мүмкүн…

Булак: Элньюс.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу