ТЭЦтин чырына байланыштуу камакка алынгандар, буга чейин ооруп өлгөнү калдык деген шылтоо менен үй камагына чыгып, андан ары жазадан жеңил-желпи кутулуп кеткендердин жоругун кайталоого катуу аракет көрүшүүдө.
Алсак, Кулматов, Калиев, Артыкбаев биринен-бири өтүп ден соолуктары начарлап, абалдары оорлоп жатышканын айтышып, «бизди үй камагына чыгаргыла» дешип коңгуроо кагышууда.
Улам-улам сотко баш коргоо чарасын өзгөртүүталабы менен кайра-кайра кайрылып жатышат. Коомчулук болсо, ичип-жеп жатканда куландан соо туруп эле, анан ичип-жегени билинип камалышса эле өнөкөт дарты козголуп, бир заматга эле оорулуу болуп чыгышат деп сынга алышууда. Мындан улам, абакта дарыланып эле, жазасын алышы керек дегендер көп.
Булак: Фабула