Өмүркулов: Токон Мамытовдун юридикалык билимине карадык

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов акыйкатчы кызматына мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн анын юридикалык билими менен байланыштырды.

Фракциянын жыйынынан кийин Өмүркулов «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, талапкер тандоодо тажрыйба маселеси эске алынганын билдирди:

— Кесиптештерим сунуштады. Добушка койдук. Бир добуштан Токон Мамытовдун талапкерлиги биздин фракциянын атынан көрсөтүлүп атат. Биринчиден, бул кишинин тажрыйбасы. Анын юридикалык билими. Себеби, бүгүн терең билим бар, тажрыйбалуу адамдын ушул кызматка келиши туура деп ойлойм. Казакстан, Орусия жана башка жактарда мигранттардын мыйзам менен келишпестик болгон учурлары көп. Көптөрү камалып, кароосуз калып атат. Ошондой маселелерди чечүү миграция, этникалык мамилелерди терең түшүнгөнүнө карадык. Бул боюнча Европада докладдарды жасап жүргөн экен. Өзүнүн коммуникабелдүүлүгү. Ушундай жакшы сапаттары менен көрсөттүк. Бул — парламент шайлай турган, парламентке отчет бере турган орган. Программасын сессияда да көрөбүз.

Иса Өмүркуловдун айтымында, Токон Мамытов тиешелүү документтерин берген. КСДП фракциясы бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында сегиз талапкердин ичинен Токон Мамытовду акыйкатчылыкка сунуштады. Ал 1953-жылы туулган. Быйыл 18-декабрда 65ке толот.

Талапкерлерди талкуулоо учурунда фракциянын өкүлү, депутат Дастан Бекешев Дастан Бекешев 65 жашка чейинки жарандар гана омбудсмен болушу керектигин, Токон Мамытов үч айдан кийин 65ке чыгаарын билдирди.

Фракция лидери Иса Өмүркуловага мыйзам бузулбайт деген жооп кайтарды.

Эреже боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат.

Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Эки ай аралыгында парламент жаңы талапкерди бекитиши керек болчу.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты мекеменин жетекчилигине юридикалык бөлүмүнүн башчысы Урмат Аралбаевди, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуш кылган. Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова да акыйкатчылык кызматка баруу ниетин билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу