Өмүркулов Рыспаевди эмнеге фракциядан чыгарган жок?

КСДП партиясынын айланасында күч алып бараткан өзгөчө чыңалуудагы окуялардын жүз беришине аталган партиянын Жогорку Кеңештеги парламенттик фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун «илең-салаң» ишмердүүлүгү да себеп болуп жатса керек. Социал-демократиялык партиянын башчылары менен президенттик түзүмдүн ортосунда ырк келишпестик башталганда Иса Шейшенкулович кайсы тарапты тандап алды? Өзүнүн партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевге кылчактап да койбой, тандаган жагынын арыгын чаап кирди.

Ал мисалы, өзүлөрүнүн камакка алынган шефи Текебаевдин кадыры үчүн акыр аягына чейин кармашкан Ата-Мекендеги партиялаштардан айырмаланып, коррупцияга олуттуу айыпталган жогорку мансаптуу партиялаштарын бир да жолу ооз ачып, колдоп койгонго жараган жок. Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөгө добуш берүүгө партиялаштарын үндөгөн да, андан кийин маселенин чоо-жайы премьердин ишинин сапатында эмес, «саясий жүйөөлөрдө» экенин ачык айтып чыккан да ушул Иса Өмүркулов болду.

Эми партиядан эчак чыгарылган Кожобек Рыспаевди КСДПнын фракциясынан чыгарууга жол бербей жаткан да Өмүркулов болууда. Эмнеге? Мындай кадамга барыш үчүн анда олуттуу себептер болсо керек. Ал кыязы, өз тандоосун жасады окшойт. Сагынбек Абдрахманов сыяктуу куурчак адамдарды тукуруу менен КСДПны бөлүп -жаруу аракеттери акыркы мезгилге чейин уланып келди. Бирок мындан майнап чыккан жок. Өмүркуловдунөзүделе, Мадеминов, Карамушкиналар Абдрахмановду улам чекеге конуп тажаткан чымындай жаман көрүшөт. Анткени салмактуу категориялары башка. Ал ортодо 2020-жылдагы парламенттик шайлоолорго деле аз убакыт калды.

Кыргызстандын саясий мейкиндигин бүгүн көзөмөлдөп турган «куурчак оюнчулар» ачык оюнга чыккандардан майнап болбогон соң алардын ордуна салмактуураак башка «куурчактар» менен оюн жүргүзүүнү чечишти окшойт. Бирок 25 жыл ичинде КСДПдан чыгып кеткендери да көп болду, айрымдар кийин кайра кайтып да келишпедиби.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу