Өмүркулов КСДПны Атамбаевден ажыратуу тараптагыларга өткөнү чындык экен

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, партия лидери Атамбаевдин жакын досу Иса Өмүркулов дагы досунан биротоло ажыроо чечимин чыгарса керек. Ал “Атамбаевсиз КСДП” урааны менен чыгып, партиядан экс-президентти кууп чыгууну көздөгөн Сагынбек Абдрахманов баштаган топ менен жолугушканда ичтеги кайнап жаткан бугунун четин чыгарыптыр. Иса Өмүркулов демилгечилерге “Силер эч кимден коркпой чыктыңар. Көздөгөн максатыңар, көтөргөн идеяңар, жасап жаткан ишиңер туура. Партияны ууру-кескилерден, КСДПны жамантты кылган арамзалардан тазалаш керек. Партия бир адамдын менчиги болбоого тийиш” деп айтканы эле Атамбаевдин жанына жологусу келбей калганын билдирет да. Азыр парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Абдрахманов тарап болуп жатканы, ага колдоо көрсөтө турганын билдиргени да Атамбаевдин партиялык ишмердигинин күнү батып баратканынан кабар берет. Кожобек Рыспаев болсо өзүнүн балдарын демилгечилер өткөргөн Кара-Балтадагы жыйынга жөнөтүп, дем берип жатканы да чындык болууда. КСДП ушул темп менен кетсе, жакынкы убактарда жаңы лидерге ээ болуп калышы мүмкүн болууда.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу