Өмүрзак Төлөбеков «Президенттин жылдызы» деген тасма тартабы?

Буга чейин «Президент жана БОМЖ» тасмасы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө таанымал
болгон Өмүрзак Төлөбековду кыргыз элине тааныштыруунун кажети жок. Бул инсан бир
канча кинолордун автору. Жакында эле саясый ишмерлер боюнча даректүү тасма
тартууга да белсенгенин укканбыз…

Кызыгы, кечээ бизге жеткен маалыматтар боюнча, президент Алмазбек Атамбаев
тууралуу тасма тартууга Өмүрзак Төлөбековго сунуш түшкөнүн эшиттик. Профессионал
киношник катары Өмүрзак мырза буга чейин маданият айдыңында атагы чыгып, кыргыз
киносунун жаратуучулары катары бренд болуп калган. Ушул жагын кыргыз бийлиги эске
алып, аз күн мурун сунуш түшкөнү таңгалдырууда. Бул боюнча президентке чейин
маалымат жеткени, анын аткошчулары талкуулоо менен «Президент жана БОМЖ»
тасмасынын режиссерун тандаганы маалымдалды. Дал ушул «Президенттин жылдызы»
деген уникалдуу ачылыш боюнча…

Коомчулуктун кызыгуусу, албетте, ушул өңүттө кетет. Мисалы… «Президенттин жылдызы»
деген тасманы тартуу үчүн Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдардын талкуусу
болгону, бул жаатта бир пикирге келишүү менен чечим чыгарышканы ырас.
Ошондо Атамбаевдин 6 жылдык кызматы кинонун орчундуу окуялары катары элге жетет.
Бул жаатта саясый интеллигенция да терең кызыгуу менен көңүл артып турганы
жашыруун эмес.

Эске сала кетсек, буга чейин Өмүрзак мырза Путин, Назарбаев боюнча да даректүү тасма
тартып келген. Аныгында, кайсы жагы алдыга чыгат, аны мезгил көрсөтсө керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу