ИИМ министри Улан Исраилов мойнунан байлаган иттей болуп араңдан зорго иштеп жаткандай. Мындан улам аны кызматынан алынат деген сөз тарап кетти. Учуда Өмүрзаков министр болот экен дешип кызыл шапкечендер уу-дуу түшүп жатышкан чагы.
Өмүр бою түштүктө иштеп, эки жылдын ичинде түндүктөн татыктуу кадыр-баркка ээ боло алган Сүйнүн мырзага баракелде! Эмнеси болсо да иштин көзүн билген киши келип, милийсалардын багын ачса экен.
Булак: Ачык саясат