Өмүрбек Текебаев: «Ташиевдин мага берген белеги дале ачылбай турат. Унутуп калган болсо, келип алып кетсе да болот»

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевменен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Текебаев алгач «Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү» делген аудио жазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.

«Аудио жазууда Бекназаров «Калп айттым, Кудай кечирсин!» деп жатат. Анын сотто калп айтпаганын көрсөтмөсү далилдейт. Ташиевдин мага берген белеги дале ачылбай турат. Унутуп калган болсо, келип алып кетсе да болот«, — деди Текебаев.

Азыркы тапта Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн улантып жатат.

Буга чейин интернетке «Бекназаров менен Ташиевдин жалган көрсөтмөлөрү мародёрлорду кантип жаап-жашырууда?» деген аудио сүйлөшүү тараган. Анда Азимбек Бекназаровдун үнүнө окшош адамдын «Акеңди көрдүң да? Байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агарткыча калпты айттым. Ар калпты айткан сайын «Кудай өзүң кечир» деп урдум да» деп сүйлөгөнү угулат.

Ал эми Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдын «Мага кат жазып жибериптир. «Камчы үка, 22синде, билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби, 23үндө келип, мени куттуктап бир вино берген элең» деп. Эсимде жок, аны эч качан куттуктаган эмесмин» дегенин угууга болот.

Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу