Өмүрбек Текебаев: “Сотко күбө катары келген Роза Исаковна, Темир Сариев баш болуп Атамбаевдин абийирин ачып жатышат”

Кечээ, 20-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу
Текебаев/Чотоновдун үстүнөн жүрүп жаткан сот процессинде Текебаевдин күбөлөрүн
мындан ары укпоо чечимин кабыл алды.

“Айбек, сендей сот бар экенин буга чейин эч ким билчү эмес. Мен да билчү эмесин. Ал
эми бүгүн ушул процесстин артынан сени бүт Кыргызстан, алтургай бүт дүйнө билип
калды. Азыр кандай сот жүргүзөт экен деп бүт эл сени карап олтурат. Үй-бүлөң, балдарың
да карап олтурган болуш керек. Элге, балдарыңа уят болбой сен бул процессти
жүргүзүүдөн баш тартып кетип калсаң болмок”, – деди ага жооп кылып абактагы “Ата-
Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Мен түшүнүп турам силер эмнеге күбөлөрдү уккуңар келбей жатат. Келип жаткан 50
күбөнүн ар бири ушул жерден Атамбаевдин абийирин ачып жатат. Бул жерге күбө
катары келишкен Роза Исаковна, Темир Сариев баш болуп, Бекназаров, Болот Шер
баары Атамбаевдин калпын чыгарышты. Модин көрсөткөн кабинет Атамбаевдики
экенин Абдыганы Эркебаев да айтып берди. Мындан кийинки келген күбөлөр да
Атамбаевдин абийирин ачат, тергөөнүн жалганчылыгын ачат, деп коркуп, законду,
адилеттүүлүктү эмес, заказчиктердин кызыкчылыгын коргоп жатасыңар. Бул процесс
саясый процесс экенин көрүп туруп, анан 25 күбөнү укпайм деп чечим чыгарып койгонуң
кандай? Мына, азыр ачык айтышты, сот чечим чыгарарда кирип ойлончу соттордун
кеңешме кабинетине сиздин артыңыздан эмне үчүн прокурор кирип кетти? Бул деген
бийлик соттун чечимине прокурор аркылуу таасир берип жатканынын далили. Сиз
прокурор Жаңангир менен биргелешип, бийликтин буйрутмасын аткарып
жатканыңызды бул жерде баары көрүп турат ”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу