Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке аттанды

 

Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Президенттикке талапкерлигин жылдырды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын башчысынын орун басары Канатбек Азиз билдирди.

Мыйзамдын атасы, улуттук Лидер Текебаев аламанга аттанды. Кыргыз саясатынын ана башчысы Текебаев 25 жыл бою чындык үчүн күрөшүп келгенин билебиз. Ал ортодо кайсы бийлик болбосун Текебаевге каршы ар-кандай саясий оюндарды уюштурууга далалат жасашты. Бири дагы суу кечпей, акыры өздөрү элге шылдың болуп өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болушту. Ал эми учурдагы бийликтин Текебаевге койгон дооматтары тастыкталбай, абийирлери айрандай төгүлүүдө. Эч бир бийлик кине койо албаса, кылмышын далилдей албаса, демек Текебаев өлкөдөгү эң таза жана мекенчил инсан экенинин далили. Бүгүн биз коррупцияга малынбаган, принципиалдуу, чечкиндүү, чындыкты туу туткан, элим-жерим деген Лидерге суусап турабыз.

Коомдун активдүү бөлүгү жаштар болуп саналат. Ал эми Кыргызстан бизге, келечек муунга, жаштарга керек. Эгер өнүккөн өлкөнү кабыл алабыз десек, бизге жол көрсөткөн татыктуу жол башчыны тандайлы. Ал жол башчы, улуттук Лидер Текебаев. Биз бүгүн Өмүрбек Текебаевди колдобосок, эртең кеч болуп калат. 25-жыл биз үчүн, мекен үчүн уурулар менен күрөшкөн Текебаевди президент кылуу убактысы келди. Мындан ары уурдап, тоногонго жол бербейли.

Учурда кур жалаа менен УКМКнын абагында кармалып, бирок, бир да күнөөсү тастыкталбай, эми тескерисинче бийликти бушайман түшүрүп жаткан ЖК нын депутаты, белгилүү саясий ишмер Өмүрбек Чиркешович Текебаев президенттикке талапкерлигин койду.
Анын документтери каттоо үчүн БШКга жөнөтүлдү. ЖКнын Ата Мекен фракциясынын депутаты А. Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча,
19. 06. 17. күнү бул тууралуу маалымат жыйында жалпыга кенен кабарланат.

Эми БШК он күндүн ичинде Ө. Текебавди президенттикке талапкер катары катташы керек. Юристердин айтымында БШКын 30 миң кол чогултуш керек деген шарты мыйзамсыз.

Бул кезге чейин Ө. Текебаев 2000- жылы президенттикке талапкер катары шайлоого катышып, утуп алганы менен, элдин добушун бийлик бурмалап, жыйынтыгында А.Акаев 75 пайыз менен утуп чыккан деген кеп эл оозунда ушул күнгө чейин тарых болуп айтылып келет.

Мүмкүн арадан 17 жыл өткөндөн кийин калыстык орноп, боордош казак элинин акыны Ауыт Мұқибек мырза айткандай, «Мандатсыз президент» Өмүрбек Текебаев шайлоодо элдин колдоосуна эгедер болуп, жеңип чыгаар.

Балким, Өмүрбек Текебаевден атаандаш катары корккон бийлик аны УКМКнын абагына жалаа жаап камагандай, эми президенттик шайлоого да катыштырбоонун аракетин көрүп, дагы бир шылтоолорду ойлоп чыгышабы? — деген сыяктуу ойлорго Ө. Текебаевдин үстүнөн ушунчалык ылдамдыкта жүрүп жаткан соттук процесстер түрткү болууда. Максат аны тезирээк соттун чечими менен камап салып, шайлоого катыштырбай коюу окшойт деген пикирлер учурда эл арасында көбүрөөк талкууланууда.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев мырза тарыхта шайлоону акыйкат өткөрүп, өз убагында бийликти тынчтык жолу менен алмаштырган, калыс эл башчысы катары калуусу үчүн бардык президенттикке талапкерлерге бирдей шартты түзүп бергени оң, антпесе шайлоонун жыйынтыгына эл арасында нааразычылыктар туулушу мүмкүн деген да божомолдор бар.

Булак:Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу